Европа жана Борбор Азияда дээрлик 60 миллион адам туура тамактана албайт

Европа жана Борбор Азия өлкөлөрүндө ачарчылыктын деңгээли дүйнөдөгү эң төмөн көрсөткүчтөрдүн бири бойдон калганы менен, аймакта башка олуттуу көйгөйлөр күчөп жатат. Азык-түлүк кымбаттап, миллиондогон адамдар туура тамактанууга мүмкүнчүлүк ала албай, чоңдор арасында семирүү көрсөткүчү өсүүдө. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) жаңы баяндамасында айтылат.
Уюмдун маалыматына ылайык, 2024-жылы аймактагы 59,6 миллион адам туура жана пайдалуу тамактанууну камсыздай алган эмес. Бул көрсөткүч 2023-жылга салыштырмалуу 3,1 миллион адамга азайганы менен, көйгөй Кавказ жана Борбор Азия өлкөлөрүндө дагы эле курч бойдон калууда. Кавказда калктын 15 пайызы, ал эми Борбор Азияда 14 пайызы туура тамактанууга мүмкүнчүлүгү жок.
Ошол эле учурда Европа жана Борбор Азияда жетишсиз тамактануунун деңгээли дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн кыйла төмөн болуп, 2,5 пайыздан ашкан жок. Бирок Борбор Азияда бул көрсөткүч 2023 жана 2024-жылдары 2,8 пайызды түзгөн.
ФАО чоңдор арасындагы семирүүнүн өсүшүнө да көңүл бурган. Эгер 2000-жылы аймактагы чоңдордун 16,7 пайызы семирүүдөн жабыркаса, 2022-жылы бул көрсөткүч 22,6 пайызга жеткен. Бул дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн (15,8 пайыз) кыйла жогору.
Балдар арасында да ашыкча салмак көйгөйү күчөп жатат. 2024-жылы беш жашка чейинки балдардын 7,5 пайызында ашыкча салмак катталган. Дүйнөлүк орточо көрсөткүч 5,5 пайызды түзөт.
Мындан тышкары, аймакта 15 жаштан 49 жашка чейинки аялдар арасында аз кандуулук көбөйүүдө. 2023-жылы бул көрсөткүч 21,3 пайызга жеткен. 2012-жылы ал 17,6 пайыз болгон.
ФАОнын пикиринде, бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн өлкөлөр туура тамактанууну жеткиликтүү кылып, азык-түлүк системаларынын туруктуулугун жогорулатып, калктын аялуу катмарларын көбүрөөк колдоого алышы керек.