Европада суроо-талап бар. Кара куурайдан дары жасоо сунушталды

Европада суроо-талап бар. Кара куурайдан дары жасоо сунушталды

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Динара Ашимова кара куурайды дары жасоо үчүн колдонууга сунуштады.

Анын айтымында, Украина менен Польша кара куурайды фармацевтикада колдонуп келишет.

«Мага демилгечилер келишти. Мен аларды сизге жөнөтөйүн. Кара куурайдын алдына башка сортун эксе кийинки жылы анын психотропдук касиеттери жоголот экен. Анан андан дары чыгарууга болот. Ага Европада суроо-талап көп дешет. Биз жыл сайын кара куурайды түтөтүп күйгүзүп жатабыз», — дейт Динара Ашимова.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда кара куурай жана башка баңгизаттарга байланыштуу  мамлекеттик деңгээлдеги сунуштар мал-маалы менен көтөрүлүп турат.

Буга чейин Улуттук банктын мурдакы төрагасы Толкунбек Абдыгулов туристтерди өлкөгө тартуу үчүн көкнаарды (марихуананы) мыйзамдаштырууну сунуштаган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>