Азия чемпионаты (U-18): Мушкер Вадим Баурин финалга чыкты

Азия чемпионаты (U-18): Мушкер Вадим Баурин финалга чыкты

Кыргызстандык мушкер Вадим Баурин Астанада өтүп жаткан жаш уландар арасындагы Азия чемпионатынын финалына чыкты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Спортчу 71 кг салмакта күч сынашып, жарым финалдагы биринчи беттешинде тажикстандык балбанды жеңген. Ал эми финалдык беттеште казакстандык спортчу менен кез келет.

Ошондой эле Мухамед Дурсунов (80 кг), Азим Чойбеков (86 кг) жана Мырзакир Кошалиев (92 кг) коло медалга ээ болушкан.

Финалдык беттеш 3-ноябрь күнү Бишкек убактысы боюнча саат 13:00до башталат.

Эскерте кетсек, буга чейин Астанада өтүп жаткан жаштар арасындагы Азия чемпионатында мушкер кыз Айжамал Адылбекова коло медаль уткан. Ал эми өспүрүмдөр арасында Амантур Жумаев (52 кг), Дилербек Садиров (57 кг) жана Арваз Ахамди (63 кг) финалга чыкса, Рамазан Исаев (66 кг) коло байге тагынган.

Азия чемпионаты (U-16): Үч кыргыз мушкер финалга чыкты

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>