Ферганада футболдук мелдештеги башаламандык боюнча алты киши кармалды

03.12.2020 | 17:36

Фергананын «Истолок» стадионунда 1-декабрда «Турон» менен «Нефтчи» командаларынын ортосунда өткөн футбол мелдеши учурунда күйөрмандар башаламандык уюштурушту.

Бул тууралуу 2-декабрда Фергана облусунун Шаардык ички иштер башкармалыгы ЖМКларга билдирген. 

Маалыматка ылайык, шектүү алты кишиге карата Кылмыш кодексинин “массалык иш-чара учурундагы бейбаштык” беренеси боюнча алдын ала тергөө амалдары башталды.

Жапырт башаламандыкка тиешеси бар деген шек менен 5 киши административдик негизде кармалды. Алардын иши “майда бейбаштык” беренеси боюнча тергелип, тиешелүү документтер кабыл алынды.

Бул иш Облустук ички иштер башкармалыгынын көзөмөлүндө.

Scroll to Top