Энергетика жана курулуш: КР жана РФ өкмөт башчыларынын Екатеринбургдагы жолугушуусунун жыйынтыгыБаткенде Чек ара, Бажы жана ветеринария кызматтарынын кызматкерлери кармалды – булактарБишкек мэриясы борбордогу имараттардын жаңыланган фасаддарын көрсөттү — сүрөтКыргызстандын нефтетрейдерлери чет өлкөдөн КММ жеткирүүчү жаңы өнөктөштөрдү издеп жатышатБишкек мэриясы «Арзы Девелопмент» курулуш компаниясына 100 миң сом айып пул салдыБаткен облусунда браконьер мыйзамсыз аңчылык кылганы үчүн 62 миң сом айыпка жыгылды
Министрлик: Депутаттар октябрда айлык алган жок, чыгым 99,4%га кыскарды
17.11.2020 | 10:54
Парламенттин чыгымдары 2020-жылдын октябрь айында 4,2 миллион сомду түзсө, план 707 миллион сомду түзгөн. Финансы министрлигинин отчетуна ылайык, чыгымдар 99,4% га төмөндөдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргенин “Акчабар” финансы порталы жазды.
Негизги сумма турак-жай комплексинин техникалык кызматкерлеринин эмгек акысына багытталып – 3,2 миллион сомду түздү. Депутаттар октябрь айында эмгек акыларын ала электигин билдирди.
“Жогорку Кеңеште канцелярдык товарларды сатып алуунун кажети жок, иш сапарларга чыгымдар жок. Өткөн айда депутаттар эмгек акыларын алышкан жок “, – деп билдирди парламенттин басма сөз кызматы.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика