Кыргызстандын курама командасынын Көчмөндөр оюндарына арналган параддык формасы кандай — видео

Кыргызстандык дизайнер жана ишкер, BAIRA мода үйүнүн жана этнобрендинин негиздөөчүсү, ошондой эле башкы директору 2026-жылы өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата Кыргызстандын курама командасынын параддык формасын тааныштырды.
Форманын сүрөттөрүн дизайнер социалдык тармактардагы баракчасына жарыялады. Анын айтымында, концепциянын негизин улуттук мурас жана муундар байланышы түздү.
«Ар бир сызык терең мааниге ээ: ал муундардын элесин сактап, улуттук мурастын жаңырыгын чагылдырат жана Саманчынын жолу сыяктуу келечекке умтулат», — деп айтылат билдирүүдө.
Дизайнда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын айдентикасынан алынган көк, кочкул кызыл (бордо) жана сары түстөр колдонулган. Параддын катышуучулары түстөр боюнча бөлүштүрүлдү: спортчулар кочкул кызыл, уюштуруу комитетинин өкүлдөрү көк, ал эми машыктыруучулар күрөң түстөгү форма кийишет.
Бул образды ак түстөгү улуттук баш кийимдер толуктайт. Авторлордун идеясы боюнча, ал ар-намысты жана ой-тилектердин тазалыгын туюнтат.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин өтөт.
Reporter.kg — ДКОнун маалыматтык өнөктөшү.