Фоторепортаж. Жазында кар жамынган борбор калаа

Фоторепортаж. Жазында кар жамынган борбор калаа

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөөрүн буга чейин эскерткен. 9-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жана кар жаады. Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда дагы кар түштү.

Бишкек дагы бүгүн ак кар жамынды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жайылып жатканына байланыштуу өзгөчө абал режими ушул жылдын 25-мартынан тарта жарыяланып, жарандар карантинде. Ошол себептен REPORTER.KG маалымат агенттиги борбор калаанын тургундарына мэрия тарткан сүрөттөрдү жарыялап, онлайн саякаттайбыз. Азыркы тапта Бишкек шаарында кар жаап жатат. Абанын температурасы учурда 3…5 градус болууда.

[su_image_carousel source=»media: 25794,25792,25787,25786,25795,25788,25789,25790,25796,25791,25798,25793,25797″ crop=»none» autoplay=»4″]

Күндүз көпчүлүк аймактарда маал-маалы менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>