Банктар сом менен чет өлкөлүк валютага караганда 15 эсе көп депозит кабыл алыштыБанктардагы жаңы депозиттердин көлөмү сегиз айда 29%га өстүБишкекте турак үйлөрдөн жасалма алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү жайлары аныкталдыКР коргоо министринин мурдагы орун басары Бишкектин кырсыктарга даяр эместигин эскерттиҮй-бүлөлүк зомбулуктун 68%га өсүшү: Кыргызстанда жаңы чаралар сунушталуудаӨзбекстан Самарканд тууралуу жарыяланган посттор үчүн Ирандын элчисине нааразылык нотасын тапшырды
Франция: Париждин ортосунда жардыруу болду
22.06.2023 | 22:04
Париждин борборунда катуу жарылуу жана өрт чыкты. Кеминде 37 киши жараат алды. Төртөөнүн абалы оор.
Франциянын баш калаасы Париждин борборундагы күчтүү жарылуудан жаракат алгандардын саны 29га жетти. Ошол эле учурда тез жардамга муктаж адамдардын саны төрткө кыскарды. Урандылардын астында дагы эки адам болушу мүмкүн экени айтылууда.
Окуя Франциянын баш калаасынын бешинчи районунда, Люксембург бакчалары менен Пантеондон алыс эмес жерде, Сент-Жак көчөсү 277 дарегинде жайгашкан Париждеги Америка академиясынын имаратында болгон.
Маалым болгондой, жарылуудан кийин, болжол менен газ, жабыркаган имараттын фасады жолго кулап түшкөн. Жакын жердеги тургундар эвакуацияланды.
Прокуратура жардыруунун себептерин иликтеп жатат.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар