Ышка каршы күрөш. Министрлик Бишкекке экополиция түзүүнү сунуштады

Ышка каршы күрөш. Министрлик Бишкекке экополиция түзүүнү сунуштады

Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде түтүн менен күрөшүүдө эң натыйжалуу жыйынтыкка жетүү үчүн Бишкек шаарында экополиция түзүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, министр Мелис Тургунбаевдин төрагалыгы алдында Бишкек шаарында жана Чүй облусунда абанын булганышы боюнча ведомстволор аралык комиссиянын экинчи отуруму өттү.

Чиновник белгилегендей, түтүн маселеси өлкө жетекчилигинин өзгөчө көзөмөлүндө. Борбор калаанын чет жакасындагы конуштарды газдаштыруу, ТЭЦтин 15 от казанын газга өткөрүү жана пайдаланылган жылытуучу чийки заттын түрүн тактоо үчүн мамлекеттик ден соолукту чыңдоочу борборлорду, мончолорду жана жеке секторлорду текшерүү маселелери талкууланды.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>