Францияда абактагылардын саны рекорддук чекке жетти

Францияда абактагылардын саны рекорддук чекке жетти

Францияда камактагылардын саны рекорддук чекке жетти. Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, учурда өлкөнүн түрмөлөрүндө 73 миңге (72 809) жакын адам отурат.

Жалпысынан түрмө администрациясынын карамагында болгону 60 миң орун бар. Түзөтүү мекемелеринин толтурулушу 120%га жеткендигине байланыштуу абактагылардын көбү жерге төшөктө жатып уктоого аргасыз.

Европалык масштабда 100 миң тургунга эсептелген туткундардын саны боюнча Франция ортодо турат. Бирок Европа Кеңешинин жаңы баяндамасында бул көрсөткүч 92ден 107ге чейин көбөйүшү мүмкүн. Бул Украина менен Грециядагыдай эле көрсөткүч.

Франциянын 56 түрмөсү 150% толуп, үчөөндө абактагылардын саны орундардын санынан эки эсе көп. Ошол эле учурда эркиндигинен ажыратуу жайларында отургандардын дээрлик төрттөн бири соттолуучулар, башкача айтканда, алар өкүмдү күтүп жатышат, демек, күнөөсүз деп эсептелинет.

Телеграм каналыбызга каттала кетиңиз

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>