Кыргызстанга сырттан алма ташып келүүгө убактылуу тыюу салындыКыргызстанга синтетикалык баңгизат ташып келүүгө шектелип, жети жаран кармалдыКыргызстандын төрт облусунда уруксатсыз таштанды төгүү жайларына көзөмөл күчөтүлөтКыргызстанда жерлерди тариздөө жана алып коюу эрежелерин өзгөртүү сунушталуудаБишкекте «Мажар эл жомоктору» анимациялык сериалынын көргөзмөсү өтөтХарри Кейн «Алтын топту» утуп, Дембеле, Мбаппе жана Холандды артта калтырды
Кара-Балта: Үч киши пенсионерди тоноп кетти
28.11.2022 | 20:29
Жайыл районунда каракчылыкка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
«12-ноябрь күнү жабырлануучу милиция кызматкерлерине кайрылып, ошол эле күнү саат 22.00дөр чамасында Кара-Балта шаарынын Кожомбердиев көчөсүнөн белгисиз адамдар күч колдонуп, анын 16 миң сому, смартфону, пенсиялык күбөлүктөрү менен банк картасы салынган сумкасын алып кетишкенин билдирген. Тоноо фактысы боюнча кылмыш иши козголду», – деп айтылат маалыматта.
Кылмышка шектүүлөр табылып, камакка алынды. Алар 19, 16 жана 15 жаштагы шаардын тургундары болгон. Кармалгандардын улуусу убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Жашы жете элек балдар ата-энелеринин камкордугуна берилет. Тергөө иштери уланууда.
Телеграм каналыбызга каттала кетиңиз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар