Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Франция Мароккону 2:0 эсебинде жеңип, 2026-жылкы Дүйнө чемпионатынын биринчи жарым финалчысы болду
10.07.2026 | 09:27

2026-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын биринчи чейрек финалдык беттешинде Франция курамасы Марокко командасын 2:0 эсебинде жеңип алды. Беттеш АКШнын Массачусетс штатындагы Бостонго жакын жайгашкан Фоксборо шаарында өттү.
Биринчи голду 60-мүнөттө француз командасынын капитаны Килиан Мбаппе киргизди. Алты мүнөттөн кийин Усман Дембеле «үч түстүүлөрдүн» (Франция курамасынын) артыкчылыгын эки эсеге арттырды.
Биринчи таймдын орто ченинде Мбаппе пенальтини ишке ашыра алган жок — чабуулчунун соккусун Марокко курамасынын дарбазачысы Яссин Буну кайтарып калды. Буга карабастан, чабуулчу турнирдеги голдорунун санын сегизге жеткирип, бомбардирлер жарышынын лидери Лионель Месси менен теңелди. Эми Дембеленин эсебинде киргизилген беш гол бар.