Футбол боюнча Аргентина курама командасы Катарда өткөн дүйнөлүк чемпионатта Сауд Арабияга утулуп калды.
Бүгүн, 22-ноябрда С тайпасында 1-турдун беттеши орун алды.
VARдын жардамы менен аргентиналыктар пенальти тээп, онунчу мүнөттө Лионель Месси гол киргизди. Андан кийин Месси дагы бир гол киргизсе, Лутаро Мартинес эки гол киргизди. Бул 3 голдун бардыгы офсайддан улам калыстар тарабынан жокко чыгарылды.
Экинчи таймдын эң башында саудиялыктар 5 мүнөттүн ичинде эки гол киргизип, баары үчүн күтүүсүз болуп, алдыга озду.
Бул эсеп акыркы ышкырык чыкканга чейин таблодо калды. Сауд Арабиянын 2:1 эсебинде сенсациялуу жеңиши жана турнирдин негизги фавориттеринин биринин жеңилүүсү болуп калды.
Бул тайпанын дагы бир беттешинде Мексика менен Польшанын командалары беттешет.
27-ноябрда 2-турда Аргентина Мексика менен, Польша Сауд Арабия менен ойнойт.
Телеграм каналыбызга каттала кетиңиз