УКМК чет өлкөдөн билдирүү тараткан кыргыз жигити боюнча үн катты

УКМК чет өлкөдөн билдирүү тараткан кыргыз жигити боюнча үн катты

Социалдык тармактарда Кыргызстандын К. у. А. аттуу жаранынын катышуусундагы видео тарап жатат. Буга байланыштуу УКМК бул жарандын билдирүүсү Кыргызстандын расмий бийлигинин позициясына каршы келерин билдирет.

УКМК Кыргызстан Орусия менен Украинанын ортосундагы окуяларда бейтараптуулукту карманаарын эскертти.

Буга чейин социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда УКМКнын кызматкерлери бул өлкөнүн аймагындагы согуштук аракеттерди чагылдырган аккаунтту аныктап, анын ээси кыргызстандык К.у. А. экенин тастыктаган. Ыкчам маалымат боюнча, ал 2021-жылдын декабрь айында эмгек мигранты катары Украинага кеткен.

Азыркы учурда бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренеси “Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерге катышуусу же террордук актыны жасоо үчүн даярдыктан өтүүсү” боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

УКМК Кыргызстандын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуштук аракеттерге катышуусу, Кыргызстандын чегинен тышкары жерде жалданмачылыктын белгилери жок болгон учурда же согуштук аракеттерге катышуу көндүмдөргө жана көндүмгө ээ болууга багытталган террористтик же экстремисттик кылмыш жасоо кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылуучу жосун болуп саналат жана 226-4 беренеге ылайык беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат, ал эми ошол эле жосундар алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу жана уюшкан кылмыштуу  топ тарабынан жасалганда, — сегиз жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Телеграм каналыбызга каттала кетиңиз
Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>