Футбол: Аргентина Сауд Арабиядан утулуп калды

Футбол: Аргентина Сауд Арабиядан утулуп калды

Футбол боюнча Аргентина курама командасы Катарда өткөн дүйнөлүк чемпионатта Сауд Арабияга утулуп калды.

Бүгүн, 22-ноябрда С тайпасында 1-турдун беттеши орун алды.

VARдын жардамы менен аргентиналыктар пенальти тээп,  онунчу мүнөттө Лионель Месси гол киргизди. Андан кийин Месси дагы бир гол киргизсе, Лутаро Мартинес эки гол киргизди. Бул 3 голдун бардыгы офсайддан улам калыстар тарабынан жокко чыгарылды.

Экинчи таймдын эң башында саудиялыктар 5 мүнөттүн ичинде эки гол киргизип, баары үчүн күтүүсүз болуп,  алдыга озду.

Бул эсеп акыркы ышкырык чыкканга чейин таблодо калды. Сауд Арабиянын 2:1 эсебинде сенсациялуу жеңиши жана турнирдин негизги фавориттеринин биринин жеңилүүсү болуп калды.

Бул тайпанын дагы бир беттешинде Мексика менен Польшанын командалары беттешет.

27-ноябрда 2-турда Аргентина Мексика менен, Польша Сауд Арабия менен ойнойт.

Телеграм каналыбызга каттала кетиңиз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>