Карындашына асылган айдоочуну атып салган: Азыр эмне белгилүү?

Карындашына асылган айдоочуну атып салган: Азыр эмне белгилүү?

Токмок шаарында карындашына ыдык көрсөткөн кишини атып салган адамдын иши Чүй райондук сотунда каралууда. Бул тууралуу Reporter.kg’ге облустук соттон билдиришти.

Маалыматка караганда, иш тергелип бүткөндөн кийин Чүй райондук сотуна өткөрүлгөн.

«Иш сотто каралып жатканына бир айдан ашты. Азыркы тапта соттук процессте күбөлөр сурак берүүдө. Соттук кароо качан бүтөрүн так айта албайбыз, бирок жыл аягына чейин чечим чыгышы мүмкүн», — деди ал.

Белгилүү болгондой, тергөө иштери жүрүп жатканда шектүүнүн окуя учурунда аффект абалында болуп-болбогону боюнча экспертиза дайындалган. Чүй облустук милициясы билдиргендей, экспертизанын жыйынтыгы шектүү аффект абалында болбогонун көрсөткөн.

Мындан мурда шектүүнүн жактоочусу Эркинбек Ирискулбеков Reporter.kg’ге билдиргендей, мыйзам боюнча шектүү 8 жылдан 12 жылга чейин камалышы мүмкүн. Бирок экспертиза тарабынан окуя учурунда ал аффект абалында болгону ырасталса, анын жазасы жеңилдетилмек.

«Аффект абалында болгондо кылмышты атайын жасаган болуп эсептелбейт. Анда жаза мөөнөтү 3 жылга чейин берилет», — деп билдирген ал.

Эске салсак, окуя ушул жылдын 1-июлунда саат 8:30 чамасында Бишкек — Торугарт унаа жолунун 69-чакырымында, Токмок шаарынын аймагында болгон. Анда карындашына ыдык көрсөткөн кишини агасы травматикалык курал менен атып салган. Ал алган жараатынан каза болгон.

Карындашына асылган айдоочуну атып салган: Иштеги жаңы жагдайлар

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>