Кыргызстандык дзюдочу Фадиль Исмагомбетов Душанбедеги эл аралык турнирде коло уттуНарында 350 орундуу жаңы оорукана курулушу мүмкүнКыргызстандыктар Азербайжандын курортторунда арзандатуу менен эс ала алышат — чоо-жайыОш шаары Франция менен туризм, илим жана инвестиция багытында кызматташууну көздөөдөМурдагы саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов үй камагына чыгарылганы маалымдалдыНафталандан Ысык-Көлгө чейин: Курорттук туризмдеги кызматташтык
Үйүндө телевизор болсо, жөлөк пул берилбейби? Депутат нааразы болду
27.04.2023 | 12:42
Бүгүн, 27-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков (Ыйман Нуру) аз камсыз болгон жана муктаж үй-бүлөлөргө бериле турган жөлөк пул маселесин көтөрдү.
Анын айтымында, кээ бир үй-бүлөлөргө жөлөк пул негизсиз кыскартылган.
“Кайын ата, кайын энең менен чогуу жашайт экенсиңер, алар пенсия алышат деп төрт, беш балалуу үй-бүлөгө бериле турган жөлөк пулду кыркып салышыптыр. Кандай негизде жөлөк пул жокко чыгарылат? Үйүңдө уй, телевизор, унааң бар экен деп жөлөк пулду кыскартып салышат экен. Ушул боюнча тиешелүү ведомстволор маалымат берип коюшсун”, – деп нааразы болгон депутат жөлөк пул кандай критерийлер менен бериле турганы боюнча түшүндүү керектигин белгиледи.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом