Футболчу Мирлан Мурзаев Кыргызстанда (ВИДЕО)

Футболчу Мирлан Мурзаев Кыргызстанда (ВИДЕО)

«Ченнайин» Индия футбол клубунун чабуулчусу, кыргыз футболчусу Мирлан Мурзаев Кара-Балта шаарында өз күйөрмандары менен кездешти.

Кара-Балта шаарындагы “Сапат” лицейинин окуучулары менен кездешип, ийгиликке жетүүнүн сырлары менен бөлүштү. Ошону менен катар жаш күйөрмандардын суроолоруна жооп берип, аларды шыктандырды.

Аталган окуу жай кыргыз футболчусуна белек бечкектерин берип, ийгилик каалады.

Улуттук кураманын чабуулчусу,  “Дордойдун” капитаны Мурзаев 2021-жылдын август айында Индиянын “Ченнайин” командасына өткөн.

Мурзаев Баткен облусундагы Сүлүктү шаарынан. 2009-жылдан бери Кыргызстандын курама командасында ойноп келет. 23-мартта Непал курамасына каршы дебюттук беттешинде (1:1) гол киргизген.

2007-2010-жылдары «Дордой-Динамо» клубун коргогон. 2010-жылы кышында Москванын «Локомотив» клубуна контрактык негизде оюн көрсөткөн.

2011-жылдан бери Израилде «Хапоэль» клубунда «Петах Тиква» клубунда ойноп, андан кийин 2012-жылы Кыргызстандагы «Дордой»  клубуна кайтып келген. 2014-жылдын январынан тарта түркиялык “Денизлиспор” клубунда да ойнойт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>