Гараж чыры. Бишкек мэриясынын алдында митинг өтүп жатат (видео)

Гараж чыры. Бишкек мэриясынын алдында митинг өтүп жатат (видео)

Бүгүн, 15-декабрда Бишкек шаарынын мэриясынын алдына гараж кооперативдеринин мүчөлөрү митингге чыгышты.

Митингчилер менен сүйлөшүү үчүн вице-мэр Нурдан Орунтаев чыкты. Бирок алар мэрдин келишин талап кылышууда.  Акциянын катышуучулары гараждардын түрттүрүлүшүнө каршы экенин айтып, мунапыс сурашууда.

Ал эми вице-мэр гараж кооперативдери келишим түзүп, тиешелүү түрдө акча төлөшү керектигин айтып, келишими барлардын гаражы түрттүрүлбөй турганын билдирди.

Гараж кооперативдеринин биринин мүчөсү Тилек Чулумов митингге келгендердин талабын айтты.

Митингге келгендерге мэриянын аппарат жетекчиси Азиз Садырбеков чыгып, мэр Эмилбек Абдыкадыров бүгүн саат 15:00до гараж кооперативдеринин 10 өкүлү менен жолугарын билдиргенден кийин митингчилер тарап кетти.

Эскерте кетсек, буга чейин Бишкектеги гараж кооперативдеринин биринин — Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү №12 кооперативдин гараждары алына баштаган. Шаар бийлиги гараждардын ордуна көп кабаттуу автоунаа токтотуучу жай, футбол талаасын куруу пландалып жатканын билдирген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>