Атазов: Депутаттар ыш маселесин көтөргөн күндөрү аба таза болуп калууда, сыры эмнеде?” (видео)

Атазов: Депутаттар ыш маселесин көтөргөн күндөрү аба таза болуп калууда, сыры эмнеде?” (видео)

Бишкек шаарындагы ыштын айынан жалпы элдин ден соолугу начарлап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов билдирди.

Ал Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутмановага кайрылды.

“Сиз Жогорку Кеңештин 6-чакырылышында “Кумтөр” үчүн күйүп-бышып жакшы иштегенсиз. Азыр шаардагы абанын булганышы боюнча маселени чечүү керек. Терезелерди ачканда кадимкидей түтүн жыттанып калып жатат. Депутаттар бул маселени көтөргөн күндөрү аба тазаланып калып жатат. Мунун сыры эмнеде деп ойлойсуз? Же күндө бул маселени көтөрүп туруш керекп?”, — деп сурады депутат.

Өз кезегинде Динара Кутманова абанын булганышы аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу экенин айтты.

“Ыш маселеси кышында пайда болуп жатат. Ыштын азайганы абанын температурасынын төмөндөшүнө байланыштуу. Суук болгон күндөрү ушундай ачык болуп турат. Аба ырайынын шарттарынан дагы көз каранды”, — деп жооп берди ал.

Депутат Атазов Конституциянын 25-беренесинде адамдын ден соолугуна кол салууга эч кимдин укугу жок деп жазылганын эскертип, жетекчилердин шалаакылыгынан улам ушундай мамиле болуп жатканын белгиледи.

Жыйында Бишкектин абасынын булганышы боюнча маселе каралып, анда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып берди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>