17-август: Кыргызстанда абанын температурасы +37°Cге чейин жетет, айрым аймактарда өткүн өтөтАлександр Смирнов: Курумдуда сөөктөр табылды — булар дайынсыз жоголгон альпинисттер болушу ыктымалОрусиялык стример Leva2k түз эфирде Кыргызстандагы Ленин чокусун багындырдыБишкек мэриясы даракты бетондоп салган ижарачы менен келишимди бузатКурумдыдагы альпинисттерди издөө: кара түстөгү караандар таш болуп чыктыЕККУ ЖККУ менен өз ара аракеттенүүнү калыбына келтирүүгө ниеттенүүдө — Таалатбек Масадыков
Бишкекте 7 жаштагы Камронбек Умаров дайынсыз жоголду
26.07.2022 | 10:20
Бишкекте дайынсыз жоголгон 7 жаштагы Камронбек Умаров изделип жатат. Бул тууралуу 26-июлда Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Камронбек 25-июлда жоголгон. Ал Гагарин көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып, стадионго ойногону кеткен бойдон кайтып келген эмес.
Аталган факт каттоого алынып, издөө иштери жүргүзүлүүдө.
Белгилери: бою 110-120 см, орто дене түзүлүштө, кара кыска чачтуу.
Кийип жүргөн кийими: Кара футболка, кара шорты, көк түстөгү бут кийим.
Милиция баланы көргөндөр болсо 0 (312) 352-605, 0 (312) 352-632, 0 (553) 102-880, 0 (773) 909-465, 0 (551) 088-330, 0 (701) 644-403, 0 (500) 032-000, 0 (755) 579-580 номурларына же 102 кызматына кабарлап коюуну өтүнөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом