Ысык-Көлдө кайрадан «Салбуурун» фестивалы өттүШвециялык Йонас Андерссон Ысык-Көлдө өткөн суудагы «Формула-1» жарышынын квалификациясында жеңишке жетти«Аэро Номад» 3-августтан тарта Бишкек–Үрүмчү багыты боюнча түз аба каттамдарын ачат2-августка карата аба ырайы: +39°C чейин ысык болуп, жаан-чачын күтүлбөйтСаламаттык сактоо министрлиги санариптик сервистерди өнүктүрүүнү тапшырдыКыргызстандын мурдагы башкы прокурору Камбаралы Конгантиев дүйнөдөн кайтты
Германия: Алгач ирет трансгендер депутат болгону калды
27.09.2021 | 17:01
Германиянын “Жашылдар” партиясынан алгач ирет трансгендер-аял Тесса Гансерер парламентке депутат болгону атат. Бул туурасында жергиликтүү Bayerischer Rundfunk телеканалы айтып чыкты.
Тесса Гансерер өзүнүн шайлоо округу Бавариден 23,6 пайыз добушка ээ болгон. Аталган телеканалдын эсептөөсү боюнча азыр дароо мандатка ээ болбосо да, кийин парламенттик тизме менен кеткен депутаттардын ордуна толугу менен келет.
Гансерер телеканалга берген маегинде абдан кубанычта болуп жатканын билдирген.
Германияда парламенттик шайлоо 26-сентябрда өткөн. Социал-демократтар партиясы 25,7 пайыз менен алдыда. Андан соң 24,1 пайыз менен Христиан деморкратиялык жана Христиан социалдык партиясы экинчи келди. 735 депутат шайланат.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар