Кыргызстандын Ош шаары менен Бразилия ар тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүдөКУУ орус тилин үйрөнүү үчүн жасалма интеллект платформасын киргизүү боюнча келишимге кол коётАкыйкатчы институту: мамлекеттик сайттар майыптыгы бар адамдар үчүн ыңгайсызДепутат боксчу Омар Левазага убада кылынган батир боюнча маселени көтөрдүУКМК: баңги заттарды ташыган трансулуттук канал аныкталып, эки жаран кармалдыКелечектин лидерлери: «Росатом» Кыргызстандын жаштарына кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачат?
Германия Кыргызстанга 4,5 миллион евро грант бөлөт
03.04.2023 | 11:17
Германия өкмөтү Кыргызстанга 4,5 миллион евро грант берет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында экономика жана коммерция министринин орун басары Канатбек Абдрахманов билдирди.
Анын айтымында, каражат Бишкектеги перинаталдык борбордун жана кургак учук ооруканасынын, Ош жана Таластагы перинаталдык борборлордун курулушун аяктоо үчүн каралган.
Маселени карап чыгып, парламенттин социалдык саясат боюнча комитети Министрлер кабинети менен Германия өкмөтүнүн ортосундагы каржылык кызматташуу боюнча келишимдин долбоорун жактырды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика