Түптө 20 кг баңгизат менен кармалган тургундун дрондон тартылган видеосу

Түптө 20 кг баңгизат менен кармалган тургундун дрондон тартылган видеосу

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматкерлери Түп районунда жашаган жарандын үйүнөн 20 килограммга жакын баңгизат таап, жүгүртүүдөн алышты.

ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Түп районунун аймагында жаран өз үйүндө өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизатын сактап, сатууну көздөп жүргөндүгү тууралуу ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматкерлери тарабынан маалымат келип түшкөн. Текшерүүдөн кийин маалымат тастыкталды.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүрүшүндө, алынган маалымат боюнча, кылмышка шектүү делип Түп районунун тургуну, 1970-жылы туулган П.А. аттуу жаран аныкталган.

Аталган факт боюнча Түп РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгүнүн (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Кылмыштуулуктун бетин ачуу максатында А.П аттуу жарандын, кылмыштуу байланыштары, баңгизаттарды сатуу каналдары жана аларды сактоочу жайлары боюнча, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматкерлери тарабынан атайын ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Натыйжада П.А. аттуу жарандан 7 кг. 816 гр. марихуана алынган, ал эми үйдүн жер төлөсүн тинтүү учурунда дагы 11 кг.750 гр салмактагы гашиш табылып алынган. Ошентип, алынган баңгизаттын жалпы салмагы 19 кг 566 гр түздү. Кармалган жаран Каракол шаарындагы тергөө изоляторуна киргизилди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>