Германияга иштөө үчүн канча адам жиберилет? Элчинин жообу

Германияга иштөө үчүн канча адам жиберилет? Элчинин жообу

Бүгүн, 13-июнда Бишкек шаарында «Германия экономикасынын күндөрү» аттуу бизнес форум жана кыргыз-герман ишкер кеңешинин биринчи отуруму өтүп жатат.

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев билдиргендей, Германияда расмий маалымат боюнча 10 миң кыргызстандык жаран бар.

“Форумдун алкагында бир нече долбоорлорго коюу пландалып жатат. Анын алкагында алдыдагы 5-6 жылда 50 миңдей кыргызстандык жаранды Германияга ишке орноштурууга мүмкүнчүлүк болот”, — деди Текебаев.

Буга чейин Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргызстандын 200 жараны Германияда иштегенге мүмкүнчүлүк алышарын билдирген. Министр Кудайберген Базарбаев менен Германияда ишке орношууга мүмкүнчүлүк берген EDUVISO программасынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюлган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>