Германиялык компанияларга Кыргызстанда күн электр станцияларын куруу сунушталды

Германиялык компанияларга Кыргызстанда күн электр станцияларын куруу сунушталды

27-февралда Берлин шаарында Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Германиянын “Sonnenernte GmbH» компаниясынын негиздөөчүсү Роман Шёнбергер жана «Allianz Henze Versicherung» камсыздандыруу компаниясынын директору Кристиан Хензе менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтен маалымдашты.

Элчи Ө.Текебаев компания өкүлдөрүнүнө Кыргызстандын энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагында потенциалы жогору экендиги тууралуу маалымдады.

Кыргызстанда энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүгө жана энергияны үнөмдөөчү технологияларды ишке киргизүүгө багытталган бир катар иш-чаралар тууралуу маалымдалды. Энергиянын кайра жаралуучу булактарынын субъекттерине преференциялар жана салык жеңилдиктери каралган. Элчи немис компаниясын Кыргызстанда күн электр станцияларын курууга катышууга чакырды.

Немис компаниясынын өкүлдөрү компания күн жана шамал электр станцияларын куруу тармагында иш алып барарын маалымдашты. Жолугушуунун жыйынтыгында күн электр станцияларын куруу маселесин талкуулоо үчүн 2024-жылдын апрель айында германиялык компаниянын Кыргызстанга бааруусу макулдашылды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>