Кыргызстанда жарандык алуу жана андан ажыроо эрежелери өзгөртүлдүБыйыл Ысык-Ата районунда жалпы 34,5 чакырым жол асфальтталатТокмокто айдоочулук күбөлүк үчүн практикалык сынак өтүүчү жайдын дареги өзгөрдүБишкекте баңгизат таратууга шектелген студент кармалдыБишкектин бир бөлүгүндө 23-июнда ичүүчү суу убактылуу токтотулатБишкекте бокс кечеси өтөт: турнирдин башкы беттештери белгилүү болду
“Город 312” тобунун солисти Светлана Назаренко орус телеканалына кыргызча ырдады
03.07.2019 | 14:15
“Город 312” тобунун солисти Светлана Назаренко орусиялык RU.TV каналына маек берип жатып кыргыз тилинде ырдады.
Эфирдин үзүндүсү “Город 312” тобунун Фейсбуктагы баракчасына жайгаштырылды.
Эфир учурунда Назаренко Сардарбек Жумалиевдин обонуна жазылган Анарбек Ибраевдин аткаруусундагы “Сен менин жазылбаган ырларымсың” деген ырды аткарган.
Айта кетсек, Светлана Назаренко “Город 312” тобуна кошулганга чейин чыгармачылыгын Бишкек шаарында баштаган. Ал кыргыз тилинде “Сен менин жазылбаган ырларымсың”, “Сыйкырчы”, “Баарын түшүнөм”, “Эсимде” деген бир катар ырларды аткарып келген. Назаренко 1970-жылы 17-октябрда Бишкек шаарында төрөлгөн.
Рубрики: Турмуш образы