Kyrgyzstan Expo жана Expo Eurasia көргөзмөлөрү 15–17-октябрда «Жаштык Аренада» өтөтКараколдо «Открыткаларга түшпөгөн Кыргызстан» аттуу фотовыставка өтөтКыргызстанда башка айып пулдары бар болсо да эвакуацияланган унааларды кайтарып берүү сунушталуудаБишкекте «БишХолдер» эл аралык стол үстүндөгү ролдук оюндар фестивалы өтөтУлуттук банк чет өлкөлөрдөгү банктардын уставдык капиталына жаңы талаптарды сунуштады — долбоорШакира Бишкекке концертинен бир күн мурун, 17-октябрда учуп келет
Сүлүктү шаарында «Белес Резорт» туристтик комплекси курулууда
21.05.2026 | 11:38

Баткен облусунун Сүлүктү шаарында «Белес Резорт» туристтик комплексинин курулушу жүрүүдө. Долбоор «2022–2030-жылдары Баткен облусун өнүктүрүү» программасынын алкагында ишке ашырылып, ага республикалык бюджеттен 120 млн сом бөлүнгөн.
Шаар мэриясынын маалыматында, аталган комплекс Сүлүктү шаары жана Лейлек районундагы ири эс алуучу жай болуп калмакчы. Комплексти 2026-жылдын жай айларында ачуу пландалып жатканы айтылды.
Президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев курулуштун жүрүшү менен таанышып, иштин сапатына өзгөчө көңүл бурууну жана көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырган.