Илбирс, сүлөөсүн, бугу: «Чоң-Кемин» жаратылыш паркындагы жаныбарлардын сүрөтү жарыяланды

20.05.2026 | 16:59

Кыргызстандын «Чоң-Кемин» мамлекеттик жаратылыш паркына коюлган фото-капкандарга түшкөн жапайы жаныбарлардын сүрөтү жарыяланды. Фото-капкандар «NABU Кыргызстан» уюму тарабынан 2025-жылдын ноябрь айында орнотулган.

Уюмдун маалыматына ылайык, фотокапкандарга илбирс, сүлөөсүн, карышкыр, тоо эчкиси, бугу-марал, элик, каман жана улар сыяктуу ондон ашык жаныбардын түрү түшкөн.

Учурда бул фотоматериалдар талданып, жаныбарлардын саны жана жүрүү багыттары такталууда. Ошондой эле фотокапкандар мониторингди улантуу максатында кайрадан парктын аймагына орнотулары айтылды. Алынган маалыматтар жаратылышты коргоо жана изилдөө иштеринде колдонулат.

Маалымат үчүн: «NABU Кыргызстан» уюму – «Германиянын жаратылышты коргоо союзу (NABU)» коомдук бирикмеси Кыргызстандагы филиалы. Ал Кыргызстанда 2010-жылы ачылып, андан бери өлкөнүн тоолуу аймактарында жапайы жаныбарларга байкоо жүргүзүү иштерин жүргүзүп келет.

Scroll to Top