Green Card лотереясынын жыйынтыгы жарыяланды

Green Card лотереясынын жыйынтыгы жарыяланды

Өткөн аптада АКШнын Мамлекеттик департаменти грин-карт лотереясынын жыйынтыктарын жарыялады. Лотереянын жеңүүчүлөрү АКШда жашоо мүмкүндүгүнө ээ болуп, келечекте Кошмо Штаттардын жарандыгын да ала алышат.

Айрым өзбекстандыктар соцтарамактарга лотереядан утканын жазышты. 35 миллион калкы бар Өзбекстанда жыл сайын АКШга көчүп барып, жаңы жашоо баштоону каалагандардын саны көбөйүүдө.

Жылына эки миллиондон ашуун өзбек жараны Green Card лотереясына катышат. АКШ Мамлекеттик департаментинин маалыматына караганда, Өзбекстан грин-карт ойногондордун тизмесинде алдынкы орунда.

Бул арада былтыркы жеңүүчүлөрдүн тагдыры белгисиз бойдон калууда. Пандемияга байланыштуу Green Card уткан миңдеген кишилерге чакыруу келген эмес.

Green Сard жеңүүчүлөрү Америкага иммиграциялоо мүмкүндүгүнөн ажырап калуудан кооптонуп, Жо Байдендин администрациясына каршы арыз жазышты.

Доогерлердин адовкаты Кертис Моррисон 141 өлкөдөн 24 000 кишинин атынан арыз жазганын билдирди. Алардын арасында 350 өзбек бар. Колумбия аймактык соту 30 октябрда дооматтарды угуп, АКШнын Мамлекеттик департаментин 2021-жылдагы жеңүүчүлөр үчүн 6 914 визаны ээлеп коюуга милдеттендирди.

АКШнын Ташкенттеги консулдук кызматы мурдагы жылдары грин-карт уткандарга АКШ Мамдепартаментинин прокуроруна арыз менен кайрылууга кеңеш берди. Жыл сайын бул программага дүйнө жүзү боюнча 10 миллиондой киши катышат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>