Куран менен ойнобогула! Муфтият саясатчыларга эскертүү берди

Куран менен ойнобогула! Муфтият саясатчыларга эскертүү берди

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы саясатчыларды Куран менен ойнобоого жана аны бурмалабоого чакырды.

Муфтияттын расмий сайтында жарыяланган маалыматка караганда, Куранды “саясатчылар эмес, аалымдар чечмелөөсү” керек.

Дарыгер дарыгерлигин, молдо молдолугун, депутат депутаттыгын  кылганы туура. Дин кызматкерлери саясатка аралашпайт, бирок Алланын сөзү болгон Куранды бурмалоодо унчукпай тура албайбыз!

Ар бир адам акылына жараша иш кылуусу керек. Кудай Тааланын мыйзамына каршы чыкпагыла! Ыйык Куранда кайсыл нерсе арам, адал экендиги 14 кылым мурда эле айтылып, кыяматка чейин  сактала берет. Куранда айтылган арам нерсени эч ким адал кыла албайт.

Куран менен ойнобогула! Күнүмдүк жыргалчылык жана саясый упай топтоо үчүн Алла Тааланын ыйык сөзүн булгабагыла жана бурмалабагыла. Курандан адал, арам деп өкүм чыгарууга илимиңер жетпейт жана укугуңар жок.  Аллахтын сөзүн саясатчы эмес, аалымдар чечмелесин. Ыйык китеп менен каада күтүп, добуш алам деген арам оюңардан кайтып, кеч боло электе тообо кылгыла!”, — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Жогорку Кеңештин 11-майдагы жыйынында  кумарканаларды, оюн автоматтары бар залдарды жана лотереяларды ачуу боюнча мыйзам долбоору талкууланган. Анда депутат Арсланбек Малиев колуна Куран китебин алып, анда кумар оюндарынын “бир аз пайдасы бар” деп жазылганын айткан. Ошондой эле, ал бир гана кумарканаларды эмес, марихуананы дагы мыйзамдаштырууну сунуштаган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>