Кыргызстандык балбандар рейтингдик мелдешке катышат

Кыргызстандык балбандар рейтингдик мелдешке катышат

Кыргызстандык балбандар Венгриядагы Polyak Imre&Varga Janos Memorial эл аралык рейтингдик мелдешине катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш 13-16-июль күндөрү Будапешт шаарында өтүп, ага эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча спортчулар катышат.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча:

— Айсулуу Тыныбекова, 62 кг;

— Айпери Медет кызы, 76 кг;

— Нурбек Изабеков башкы машыктыруучу.

Эркин күрөшү боюнча:

— Алмаз Сманбеков, 57 кг;

— Бекзат Алмаз уулу, 57 кг;

— Улукбек Жолдошбеков, 61 кг;

— Икромжон Хаджимуродов, 65 кг;

— Тайырбек Жумашбек уулу, 61 кг;

— Алибек Осмонов, 65 кг;

— Эрназар Акматалиев, 70 кг;

— Орозобек Токтомамбетов, 70 кг;

— Каныбек Абдулхаиров, 97 кг;

— Сүймөнкул Таабалды уулу улук машыктыруучу;

— Руслан Маджинов башкы машыктыруучу.

Эскерте кетсек, грек-рим күрөшү боюнча балбандар учурда Россияда окуу-машыгууларын өткөрүүдө. Ал 29-июнь күнү башталган, 15-июлда жыйынтыкталат.

Кыргызстандык балбандар дүйнө чемпионатына даярданууда

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>