Гүлзат Мамытбек абактан англис тилинен курс ачты. Расмий жооп

Гүлзат Мамытбек абактан англис тилинен курс ачты. Расмий жооп

Алдамчылыкка шектелип убактылуу кармоочу жайда жаткан блогер Гүлзат Мамытбек англис тилинен курс ачты. Мындай мааламыттар социалдык тармактарга тарады. Ал эми бул маалымат чындыкка дал келбээрин Reporter.kg ′ге Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин айрымдар социалдык тармактарда убактылуу кармоочу жайда жаткан Гүлзат Мамытбек англис тилинен курс ачканын жарыялашкан.

Анын 14-ноябрда ачкачылык жарыялаганы маалым болгон. Ал бүгүнкүгө чейин ачкачылыкты токтото электигин Жазаларды аткаруу кызматы тастыктады. Учурда абалы жакшы, дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Гүлзат Мамытбек 26-октябрда алдамчылыкка шектелип кармалган. 110 миң доллардан ашыгыраак акчага алдап кеткен деген шек менен убактылуу кармоочу жайда жатат.

Гүлзат Мамытбектин англис тилин үйрөтүүчү мектеби бар деген да маалыматтар бар.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>