Гүлзат Мамытбек ачкачылык кармоосун токтотту

Гүлзат Мамытбек ачкачылык кармоосун токтотту

Алдамчылыкка шектелип, СИЗОдо отурган Гүлзат Мамытбек (Алымкулова) ачкачылык акциясын токтотту. Бул тууралуу Акыйкатчы институту билдирди.

Гүлзат Мамытбекке СИЗОго Акыйкатчы аппаратынын профилдик бөлүмүнүн кызматкери келип кеткен. Буга чейин ал президентке жана ар кандай мамлекеттик органдарга жазылган каттар кабыл алынбай жатканына нааразы болгон. Ал нааразылык иретинде 14-ноябрдан бери ачкачылык жарыялап келген.

Сүйлөшүү учурунда СИЗОнун башчысы бардык тиешелүү кат-кабарлар өз убагында жөнөтүлгөнүн жана чыгуучу документтердин көчүрмөлөрү бар экенин түшүндүрдү.

«Гүлзат Алымкулова Акыйкатчынын өкүлү менен болгон баарлашууда бүгүнкү күндө өзүн жакшы сезип жатканын, күн сайын В, С витаминдери бар глюкоза тамчылаткычтары берилип, мамлекеттик органдарга кат-кабарлар (арыздар) жөнөтүлүп жатканын жана эч кандай арызы жок экенин билдирди. Ал 23-ноябрда ачкачылык кармоосун токтотту», — деп маалымдады Акыйкатчы институту.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>