Караколдо заманбап спорт шаарчасы курулууда

Каракол шаарынын Кашка-Суу кичи районунда 12 гектар аянтты ээлеген заманбап спорт шаарчасынын курулушу жүрүүдө. Курулуш министри Нурдан Орунтаев Ысык-Көл облусуна болгон сапарында аталган объектиде иштин жүрүшү менен таанышты.
Курулуш министрлигинин маалыматында, долбоордун алкагында 5 миң орундуу көп функционалдуу спорт комплекси, 275 орундуу спорт интернаты, олимпиадалык стандарттагы бассейн жана 200 орундуу мейманкана курулат. Жаңы спорт шаарчасы спортчуларды даярдоого, окуу-машыгуу жыйындарын жана эл аралык мелдештерди өткөрүүгө шарт түзөт.
Учурда объектиде пайдубалдарды куруу жана темир-бетон конструкцияларын даярдоо иштери жүрүүдө. Атап айтканда, мейманкананын жана ресторандын бөлүктөрүн арматуралоо, ошондой эле бассейн үчүн жер казуу жумуштары аткарылып жатат.
Министр курулуштун сапатына жана мөөнөттөрүнө көңүл буруп, техникалык талаптарды сактоо боюнча тапшырмаларды берген. Иштер «Кыргызкурулуш» мамлекеттик ишканасынын көзөмөлүндө ишке ашырылууда.