Бишкектеги Миңжылкыев көчөсү транспорт кыймылы үчүн ачылдыСоода, кызмат көрсөтүү жана ташуу: Кыргызстандагы чакан бизнес эмне менен алектенетКыргызстан ЖККУнун операциясына катышты: 11,4 тонна тыюу салынган зат алындыКыргызстанда чек арадагы радиациялык көзөмөлдү күчөтүү сунушталууда — толугу мененКыргызстандын чакан жана орто бизнеси 1 трлн сом киреше тапты, анын 77%ы Бишкекке туура келетБишкектин башкы планы өзгөртүлдү, бирок так эмне өзгөргөнү белгисиз, деп билдирди Бекешев
Кара-Балтада жаштар ортосундагы мушташтан кийин 10го жакын жигит кармалды
11.08.2026 | 09:59

Чүйдүн Кара-Балта шаарында жаштар ортосунда мушташ чыгып, жыйынтыгында күч органдары тарабынан 10го жакын жигит кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Мушташ 7-августтан 8-августка караган түнү шаардын Береговая көчөсүндө жаштардын ортосунда чыккан. Окуя болгон жерге барган ыкчам-тергөө тобу 17 жаштан 20 жашка чейинки жаштар мушташып жатканын аныктаган. Бул факты Жайыл РИИБде катталып, текшерүү иштери башталган.
Милиция бөлүмүнө окуяга тиешеси бар 10го жакын жаш жигит жеткирилген. Учурда мушташка катышкан башка адамдарды тактоо жана окуянын жагдайларын изилдөө боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп жатканы айтылды. Милиция көрүлгөн чаралардын жыйынтыгы менен мыйзам чегинде чечим кабыл алынарын билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар
Теги: Кара-Балта