Кыргызстандын спорттук гимнастикасынын таңы: Азия чемпионатынын финалынын баасы

15 жаштагы Сайкал Мамашарипова өлкө тарыхында биринчи жолу Азия чемпионатынын финалына өттү. Бирок Кытайдын Цзуньи шаарындагы чоң ийгиликтин артында катаал чындык жатат: Кыргызстанда бир гана адистештирилген машыгуу залы калган, ал эми заманбап шаймандар эл аралык өнөктөштөрдүн жардамы менен гана келген.
Цзуньидеги тарыхый бурулуш
Кытайдын Цзуньи шаарында өткөн спорттук гимнастика боюнча Азия чемпионатында Кыргызстандын курама командасы ата мекендик спорт үчүн тарыхый деп аталып жаткан натыйжага жетишти. Эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу 15 жаштагы Сайкал Мамашарипова континенттин эң мыкты сегиз гимнастынын катарына кирип, таянып секирүү боюнча мелдештин финалына чыкты.

Мындан тышкары, Кыргызстан акыркы 20 жылдын ичинде — 2006-жылдагы Азия оюндарынан бери биринчи жолу лицензиялык квотага ээ болду.
Сайкалдын улуттук курама командадагы шериктери — спорт чебери Анаита Красноперова менен Дарья Покидько да татыктуу оюн көрсөтүштү. Красноперова таянып секирүүдө, гимнастикалык устунда (бревно) жана эркин көнүгүүлөрдө квалификациядан ишенимдүү өтүп, программаны кулабай аткарды.
«Мен Азия чемпионатына бардым. Менин жакшы көргөн шайманым — гимнастикалык устун. Дал ошол шайман боюнча финалга чыгууну абдан кааладым эле, бирок программаны жүз пайыз аткарууга мүмкүн болбой калды. Анын ордуна таянып секирүү боюнча финалга чыктым. Мен Кыргызстандын тарыхында Азия чемпионатынын биринчи финалисти болдум. Бул мен үчүн абдан чоң сыймык», — деп бөлүштү Сайкал Мамашарипова.
Өз кезегинде Анаита Красноперова Азия чемпионатынан кийин өз программаларынын үстүнөн иштөөнү улантууга ниеттенип жатканын айтты.

«Ар бир элементти ийине жеткире иштөө керек. Спорттук гимнастика — бул эң оболу мүнөз, эрк, кайраттуулук, өзүнө болгон ишеним жана көрктүүлүк. Мен үчүн бул эң туура келген спорттун түрү», — деп белгиледи спортчу.
Инфраструктуранын жоктугу
Спортук гимнастика — спорттун эң татаал жана техникалык жактан бай түрлөрүнүн бири. Топ, алкак (обруч), тасма жана башка буюмдар колдонулган көркөм гимнастикадан айырмаланып, бул жерде спортчулар стационардык шаймандарда — кош таякта, гимнастикалык устунда, таянып секирүү үчүн атта жана эркин көнүгүүлөрдө өнөрлөрүн көрсөтүшөт.
Кыргызстандын Гимнастика федерациясынын президенти Евгения Быковская белгилегендей, бул спорттун түрүн өнүктүрүүдөгү негизги көйгөй — инфраструктуранын кескин жетишсиздиги.

Бүгүнкү күндө бүтүндөй өлкө боюнча бир гана адистештирилген зал калды — ал Олимпиадалык резерв колледжинде жайгашкан. Ошол эле учурда курама команда аны спорттун башка түрлөрүнүн өкүлдөрү менен бөлүшүүгө мажбур. Кыргызстандагы спорттук гимнастиканын өзү менен тең жашап келген Фрунзе көчөсүндөгү тарыхый база мүлктүк талаш-тартыштардан улам жоготулган.
Бирок калган жалгыз залда деле толук кандуу машыгуу процессин уюштуруу мүмкүн эмес, бул иш жүзүндө спортчуларды даярдоонун үзгүлтүксүз системасын бузат.
Инфраструктуралык көйгөйлөргө техникалык маселелер да кошулууда. Эл аралык мелдештерде ийгиликтүү катышуу үчүн баасы болжол менен 38 миң долларды түзгөн заманбап пружиналуу килем керек. Андай килем жок болгондуктан, гимнасттар кадимки эле төшөлмөдө машыгууга аргасыз. Натыйжада машыктыруучулар спортчулардын ден соолугу жогорку бааларга караганда маанилүүрөөк болгондуктан, программаларды атайылап жөнөкөйлөтүп, элементтердин татаалдыгын азайтышат.
«Мурда бизде 100 жылдык тарыхы бар зал бар болчу — ал Кыргызстандагы гимнастиканын өзү менен тең эле. Бүгүн ал зал жок. Азыр биз машыгып жаткан жай — бүтүндөй өлкө боюнча жалгыз жай. Бирок анда деле биз күнү-түнү машыга албайбыз, ал эми жогорку деңгээлдеги гимнасттарды даярдоо үчүн жылдар бою үзгүлтүксүз иштөө талап кылынат», — деди Евгения Быковская.
Куру энтузиазм менен гана
Федерациянын президентинин айтымында, дээрлик бардык заманбап шаймандар мамлекеттик сатып алуулардын аркасында эмес, чет элдик өнөктөштөрдүн жардамы менен пайда болгон.
Алсак, 2016-жылы жабдуулардын базалык топтомун Эл аралык гимнастика федерациясы (FIG) өткөрүп берген. 2024-жылы Россиянын Спорттук гимнастика федерациясы кыз-келиндердин кош таягын, гимнастикалык устунду жана таянып секирүү үчүн атты жаңылап берген.
Спорттун пайдубалы
Спортук гимнастика спорттун базалык түрү болуп эсептелет, ага балдар координациясын, ийкемдүүлүгүн жана булчуң корсетин өнүктүрүү үчүн үч жашынан баштап эле келишет.
Сайкал Мамашарипованын Азия чемпионатынын финалына тарыхый чыгуусу кыргызстандык спортчулардын эл аралык деңгээлде ийгиликтүү атаандаша аларын тастыктады. Бирок мындай жыйынтыктар системага айланышы үчүн спорттук гимнастикага заманбап машыгуу базалары жана спортчулардын жаңы муундарын даярдоо үчүн толук кандуу шарттар керек.
Яна Крайнюкова