Жоголгон альпинисттерди издөө иштерин катуу кар татаалдаштырды — кененирээк

Кыргызстандын тоолорунда жоголгондорду издөө катуу кар жаап, аба ырайынын жагымсыз шарттарына байланыштуу убактылуу токтотулганын жоголгон альпинисттердин жакындары билдиришти. Бул аргасыз тыныгууну алдыдагы издөө иштерине даярдануу үчүн колдонушат.
Жакындарынын айтымында, 9-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) куткаруучулары тоо кырына көтөрүлүп, дрондун жардамы менен тоо капталдарын карап чыгышкан, бирок жоголгондорду табууга мүмкүн болгон жок. Кийинчерээк катуу кар жаай баштап, ошонун айынан издөө иштерин токтотууга туура келген.
Учурда аба ырайынын шарттары өйдө көтөрүлүүнү улантууга, учкучсуз аппараттарды толук кандуу колдонууга же тик учакты тартууга мүмкүнчүлүк бербей жатат.
«10-августта сегиз альпинисттен турган топ куткаруу тобун үзгүлтүксүз байланыш менен камсыз кылуу үчүн базалык лагерге генератор жана Starlink жабдууларын жеткириши керек болчу. Ошондой эле издөө иштери үчүн тепловизору бар кесипкөй DJI M30T дрону жана бийик тоодо иштөө тажрыйбасы бар оператор даярдалды. Аба ырайы жол берери менен дронду базалык лагерден учуруу пландалууда», — деп айтылат билдирүүдө.
Куткаруучулар ушул күнгө чейин толук карап чыгууга мүмкүн болбой жаткан узундугу 5–6 чакырымдай болгон тилкеге өзгөчө көңүл бурууну көздөшүүдө.
Издөө иштерин уюштуруучулар ошондой эле Кыргызстанда жүргөн, чек ара аймагында болууга уруксаты бар альпинисттерге жана тоо гиддерине издөө операциясына кошулуу өтүнүчү менен кайрылышты.
Алар Кыргызстандын ӨКМине да ыраазычылык билдиришти.
«Кыргызстанга куткаруу иштерине көрсөткөн жардамы үчүн, учурда ал жакта иштеп жаткан ӨКМге жана кол сунгандардын бардыгына ыраазычылык билдиребиз. Бизде... Аларда убакыт аз. Ошондуктан бизге тез арада максималдуу жардам керек», — деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, Кыргызстандын тоолорунда альпинисттер тобу жоголгон, алардын курамында Беларустун эки жараны жана Литванын бир жараны бар.
9-августта Беларустун ОНТ телеканалы билдиргендей, топ 6 614 метр бийиктиктеги Курумду чокусуна чыккандан кийин байланышка чыкпай калган. КР ӨКМи 9-августта тоолордо, болжол менен 5 000 метр бийиктикте альпинисттердин чатыры табылганын, бирок ал бош болуп чыкканын билдирген.
Курумду чокусунун бийиктиги 6 613 - 6 614 метрди түзөт, ал Ош облусунун Чоң-Алай районунда жайгашкан. Бул аймак тик капталдары, мөңгүлөрү жана татаал бийик тоолуу рельефи менен өзгөчөлөнөт.
Курумду чокусуна чыгуу эң жогорку татаалдык категориясына кирет жана Памир-Алай аймагындагы техникалык жактан эң татаал жана кооптуу экспедициялардын бири болуп саналат. Узак убакыт бою бул чокуга адамдар аз барган бойдон калып келген.
Курумду чокусуна биринчи ийгиликтүү чыгуу бир нече ийгиликсиз аракеттерден кийин 2001-жылы ишке ашкан. Чоку жайгашкан аймакка альпинисттер сейрек барышат, анткени болжол менен 60 чакырым батыш тарапта жайгашкан Ленин чокусу альпинизмдин негизги борбору бойдон калууда.
Анара Мамытова