Кыргызстанда алгачкы венчурдук фонддордун бири — SCP Venture Fund ишин баштадыКара-Суу районунда декабрда жаңы базар курула баштайт — ТуманбаевУКМК баңгизат ташуу каналын уюштурган топту аныктап, бир жаранды кармадыБаатыр энелердин пенсиясына үстөк акы 1 миңден 5 миң сомго чейин көбөйөтОшМУ менен Италиянын Кассино жана Түштүк Лацио университети кызматташатАУРВА: криптоиндустрия үчүн эрежелерди түшүнүктүү жана ачык кылуу керек
Адвокаттардын курултайында жаңжал чыкты (ВИДЕО)
30.09.2021 | 17:18
Бишкекте шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда өтүп жаткан адвокаттардын II курултайында жаңжал чыкты.
Түшкө чейин съезд өтүп саат 14:00дө Кыргызстандын Адвокатурасынын кеңешинин жаңы курамын шайлоо маселеси каралмак. Ага айрым жактоочулар кире албай калганын “Азаттык” радиосуна адвокат Бакыт Жумашев айтып берген.
“Саат 2де келсек, филармониянын эшиктерин жаап алып тизме менен гана киргизебиз деп коё бербей коюшту. Жыйынды көмүскө эле эч кимге билгизбей өткөрүү туура эмес. Съезд жабык болот деп айтылган эмес. Жабык өткөрүү да мыйзамсыз”, – деди Жумашев.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат