Кара-Сууда мамкызматкерлер жер сатууга шектелүүдө

Кара-Сууда мамкызматкерлер жер сатууга шектелүүдө

Кара-Суу районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлдөрү жер сатууга шектелип, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси («Коррупция») боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Нариман айыл округунун башчысы “Н.Х.”, анын шериги “М.С.”, ошондой эле Кара-Суу районунун “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин мурдагы жетекчисинин милдетин аткаруучу “Б.Б.” кармалды.

Кармалгандар жеке кызыкчылык максаттарын көздөп, Нариман айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы жерлерге жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз сатууну узак убакыт бою жүргүзүп келишкендиги аныкталган.

30-сентябрда бул адамдарга кылмыш жасагандыгы жөнүндө билдирүү берилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилишти.

Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдардын бетин ачуу үчүн бардык зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>