Оштун мурдагы вице-мэрине карата козголгон кылмыш иши токтотулду

Оштун мурдагы вице-мэрине карата козголгон кылмыш иши токтотулду

Ош шаарынын мурдагы вице-мэри Жасур Азимовго карата козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, ага карата ачылган кылмыш ишин тергөө жүргүзгөн учурунда ага коюлган айыптар аныкталбагандыктан, ачылган иш жабылган.

Айта кетсек, Жасур Азимов кызмат абалынан пайдаланып кылмыш иштерин калкалап турган деп шектелген. Тергөөнүн версиясы боюнча, Ош шаарынын вице-мэринин 2020-жылдын 4-сентябрындагы токтому менен «Кыргыз Текстиль ЛТД» жоопкерчилиги чектелген коому 25 гектар жер тилкесин 2 миллион 500 миң сомго саткан. Бул жер Жапалак айыл аймагынын аймагында жайгашкан.

Буга чейин кылмыш ишин тергөө Мамлекеттик экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы тарабынан жүргүзүлүп, бөлүм жоюлгандан кийин, материалдар Ош шаардык ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>