Салт эмес, трагедия: ала качууну кайтарууга кимдер аракет кылуудаБишкекте Мигранттар үчүн ресурстук борбор ачылдыМинкаб эмгек мигранттарына бериле турган квотаны 100 миңге көбөйттүБишкекте орусиялык өндүрүүчүлөрдүн «Орусияда жасалган» масштабдуу бизнес-миссиясы өтөтБишкекте органдарды трансплантациялоо боюнча эл аралык симпозиум өттүШвейцариянын Улуттук банкынын башчысы Бишкекке келди
Сот Toyota Land Cruiserдин документин жасаган милицияны актады
08.10.2021 | 11:27
Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык соту Кара-Көл шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Аркыт Нусубалиевди актаган чечим чыгарды. Бул боюнча соттун токтомунда айтылат.
2020-жылдын декабрь айында 2019-жылы чыккан Toyota Land Cruiser 200 үлгүсүндөгү машина эл аралык “Интерпол” уюму тарабынан Орусиянын аймагынан издөөдө жүргөн, бирок, бул унааны Нусубалиев жасалма каттоо менен (ошондо мындай унаадан дагы бирөөсү бар) документтерин бирөөнө жасап берген.
Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетти иш козгоп, камакка алган. Сотто Нусубалиев күнөөсүн моюнга алган эмес, ал эми жыйынтыгында Кара-Көл шаардык милициянын башчысы акталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом