Кыргызстанда айып пулдардан түшкөн каражатка тез жардам унаалары сатылып алынат

18.08.2026 | 15:25
Кыргызстанда айып пулдардан түшкөн каражатка тез жардам унаалары сатылып алынат — Новости Кыргызстана

Кыргызстанда «Коопсуз шаар» тутумунун алкагындагы айып пулдардан түшкөн каражаттардын калдыктарынын 50 пайызы тез жардам унааларын жана алар үчүн медициналык жабдууларды сатып алууга жумшалат. Тийиштүү өзгөртүүлөр Министрлер кабинетинин «Акылдуу шаар» долбоорунун «Коопсуз шаар» компонентин андан ары өнүктүрүү жөнүндө токтомуна киргизилди.

Документке ылайык, «Укук бузуулардын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалыматтык тутумунда, анын ичинде аппараттык-программалык комплекстердин (АПК) жардамы менен катталган жол эрежелерин бузгандыгы үчүн айып пулдардан түшкөн каражаттарды түзүү жана пайдалануу тартиби өзгөртүлдү.

Учурдагы тартипте каралган чыгашалар ишке ашырылгандан кийин, калган каражаттар республикалык бюджетке багытталат жана жаңы схема боюнча бөлүштүрүлөт — бул сумманын 50 пайызы Саламаттык сактоо министрлигине берилет.

Ведомство бул каражатты тез медициналык жардам көрсөтүү үчүн унааларды сатып алууга жана аларды зарыл болгон медициналык жабдуулар менен жабдууга жумшай алат.

Калган 50 пайызы республикалык бюджетке чегерилет.

Ошол эле учурда жаңы схема Укук бузуулардын бирдиктүү реестринин алкагындагы айып пулдар боюнча чегерилген туупдарга (пени) жайылтылбайт. Алар толугу менен республикалык бюджетке түшөт.

Министрлер кабинети бул өзгөртүүлөр тез медициналык жардамдын сапатын жогорулатууга багытталганын белгиледи.

Саламаттык сактоо министрлигине өз чечимдерин токтомго ылайык келтирүү жана зарыл чараларды көрүү тапшырылды. Финансы министрлиги 2026-жылга жана 2027–2028-жылдарга пландаштырылган мезгилге карата республикалык бюджет жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү даярдоодо каражаттарды бөлүштүрүүнүн жаңы тартибин эске алууга тийиш.

Токтом 10 күндөн кийин күчүнө кирет.

Scroll to Top