Абактагы акын Аскат Жетиген 19-августта эркиндикке чыгат

18.08.2026 | 11:12
Абактагы акын Аскат Жетиген 19-августта эркиндикке чыгат — Новости Кыргызстана

Эртең, 19-августта, акын Аскат Жетиген үч жылдык жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндүгүнө байланыштуу эркиндикке чыгат. Бул тууралуу укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова маалымдады.

Аскат Жетиген 2024-жылдын мартында бийликти сындап, сөгүнгөн видеокайрылуусун чыгаргандан кийин кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык башаламандыктарга чакырыктар) жана 327-беренеси (Бийликти басып алууга ачык чакырыктар) боюнча айып тагылган.

2024-жылдын 1-июлунда Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту аны «Массалык башаламандыктарга чакырыктар» беренеси боюнча актап, бирок «Бийликти басып алууга ачык чакырыктар» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, үч жылга эркиндигинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Бул чечимди Бишкек шаардык соту 2024-жылдын 17-октябрында, ал эми Жогорку сот 2025-жылдын 18-мартында күчүндө калтырган. Ошентип Аскат Жетиген Чүйдүн Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү мекемесинде жазасын өтөп баштаган.

Аскат Жетиген — ырчы, акын, обончу, комузчу. Ал элге «Зарыкканда», «Кусалык», «Кыргызым» аттуу ырлары менен таанымал. 18 жашында «Ордо Сахна» фольклордук-этнографиялык ансамблин жетектеген.

Scroll to Top