Алмадай идишке каткан. 500 миң долларлык маңзат табылды (ВИДЕО)

Алмадай идишке каткан. 500 миң долларлык маңзат табылды (ВИДЕО)

Иран – Түркмөнстан – Өзбекстан —  Казакстан – Кыргызстан маршруту менен жүк ташыган  DAF унаасын текшергенде 531 миң  286 долларлык маңзат табылды. Бул туурасында Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүгө караганда, алма салынган жащиктерди тинткен маалда, алмага окшоштуруп сыртын желим менен “муляж” кылып жасап ичине кристталдай ак, атайын жыты бар зат табылган. Жалпы 147 даана. Сыртындагы полиэтилен баштыгы менен кошо эсептегенде 10 кг. 100 гр. болуп чыккан.

Экспертизанын жүрүшүндө алынган зат “метамфетамин” (первитин) деп аныкталган. Бул зат  “кара базарда” 1 граммы 4 миң 500 сомдон сатылат. Жалпы  10 кг. 100 гр.  Доллар менен эсептегенде 531 миң  286 доллар болуп чыккан.

Алдын ала иликтөөнүн жүрүшүндө унаа Иранга баратканы белгилүү болгон. Учурда жүк ташуучу унаанын айдоочусу Өзбекстандын жараны кармалды. Учурда тергөө иштери жүрүүдө

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>