Кара-Көл шаарынын мэринин кызматтан алынуу себеби белгилүү болду — толук маалыматБишкекте Olympic Day спорттук майрамы 21-июнда өтөтЫсык-Көлдө ШКУга мүчө-мамлекеттердин медиафоруму башталдыКадамжайда Бүргөндү магистралдык каналы кеңейтилетСадыр Жапаров Кара-Көл шаарына жаңы мэр дайындадыКызыл-Жылдыз айылында 90 жумушчу орунга ылайыкталган ири нан комбинаты ишке киргизилет
Кыргызстан октябрь айында 1 миллиард кВт.с. көп электр жакты
03.11.2021 | 09:25
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунун Борбордук диспетчердик кызматынын ыкчам маалыматына ылайык, ушул жылдын октябрь айында өлкөнүн энергетика тутумунда электр энергиясынын керектөөсү 1 млрд 396 млн 957 миң кВт.с. түздү.
2020-жылдын ошол эле мезгилинде бул көрсөткүч 1 млрд 286 млн 078 миң кВт.с. түзгөн.
Токтогул суу сактагычындагы суунун топтолушуна байланышкан учурдагы абалды эске алып, “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААК калкка жана башка керектөөчүлөргө электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу өтүнүчү менен кайрылабыз. Бул туурасында аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом