Жер алдындагы өтмөктөр курулат: Бишкекте 5-августтан тарта айрым көчөлөр убактылуу жабылат1-октябрдан тарта Кыргызстанда пенсиялар олуттуу жогорулайт — Адылбек КасымалиевToyota Camry’ден 28 килограммдан ашык баңгизат табылып, төрт адам кармалдыСалык кызматы эскертет: Мүлк салыгын төлөөнүн мөөнөтү 1-сентябрда аяктайтӨзбекстандан келген 24 тоннадан ашык пияз өлкөгө киргизилбей, артка кайтарылдыАскат Алагозов Кыргызстанда чет элдик ЖАК бар деген маалыматты төгүнгө чыгарды
Чүй: Восток айылына жол кире 15 сом боюнча калды
04.11.2021 | 10:11
Аламүдүн районунун Лебединовка айыл аймагына караштуу Восток айылына каттап жаткан 254-маршруттук каттам 15 сом бойдон калды. Бул туурасында Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, «Жазада Транс» ЖЧКнын жетекчиси О. Молдобочаев Лебединовка айыл өкмөтүнүн башчысы Адилет Качкынбай уулу, жергиликтүү тургундар калаа бийлигине жолугушкан. Шаардык бийлик айдоочулар өз билемдик менен жол кирени 20 сомго көтөрүп жибергенин аныктап, жол кирени 15 сом боюнча калтырган.
Буга чейин Восток айылынын тургундары 254-маршруттук каттамдын айдоочулары жол кирени 20 сомго көтөргөнүнө нааразылыгын билдирип чыккан эле.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом