Кандай учурда шайлоо жокко чыгарылат? БШКдан жооп

Кандай учурда шайлоо жокко чыгарылат? БШКдан жооп

Шайлоо тилкесинде добуш берүүнүн жыйынтыктары чыгарылгандан кийин 3 календардык күндүн ичинде  округдук шайлоо комиссиясына даттанылышы мүмкүн. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясы түшүндүрдү. Шайлоонун кайрадан өтүү жараяны боюнча да айтып берет.

Округдук шайлоо комиссиясы (ОШК) түздѳн түз участкалык шайлоо комиссияларынан келип түшкѳн добуш берүүнүн жыйынтыктары жѳнүндѳ протоколдордун негизинде аларда камтылган маалыматтарды кошуу менен тийиштүү аймактагы (округдагы) добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарат.

Тийиштүү аймактагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилѳѳ тууралуу округдук шайлоо комиссиясынын чечими округдук шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарган учурдан тартып 3 календарлык күндүн ичинде Борбордук шайлоо комиссиясына даттанылшы мүмкүн.

Борбордук шайлоо комиссиясы округдук шайлоо комиссияларынан келип түшкѳн протоколдордо камтылган маалыматтарды топтоонун негизинде добуш берүү күнүнѳн тартып 20 календарлык күндѳн кеч эмес (2021-жылдын 18-декабрына чейин) шайлоонун натыйжаларын белгилейт.

Мында бардык деңгээлдеги шайлоо комиссиялары милдеттүү түрдѳ шайлоону даярдоодо жана ѳткѳрүүдѳ келип түшкѳн бардык даттанууларды (арыздарды) карап чыгат, ар бир даттануу (арыз) боюнча чечим кабыл алат.

Комиссиялар ошондой эле шайлоону даярдоонун жана ѳткѳрүүнүн жүрүшүндѳ келип түшкѳн жана укук коргоо органдарынын жана прокуратура органдарынын компетенциясында турган мыйзамдарды бузуулар, анын ичинде талапкерлер жана партиялар тарабынан бузуулар жѳнүндѳ билдирүүлѳр, арыздар боюнча укук коргоо органдарынын материалдарын карап чыгат.

Добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоо жана шайлоонун натыйжаларын белгилѳѳ тууралуу чечимдерге арыздар (даттануулар) менен талапкерлер, талапкерлердин тизмесин кѳрсѳтүшкѳн саясий партиялар, алардын ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳрү жана байкоочулар кайрыла алышат.

Мында арыздар (даттануулар) келип түшкѳн учурдан тартып 3 күндүк мѳѳнѳттѳ шайлоо комиссиялары тарабынан каралууга жатат.

Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан төмөнкү учурларда шайлоо болбой калды деп таанылат:

1) эгерде башка талапкерге караганда алда канча көп сандагы добуш алган талапкер үчүн берилген шайлоочулардын добуштарынын саны, шайлоочулардын бардык талапкерлерге каршы берилген добуштарынын санынан аз болсо. Бул учурда кайра шайлоо өткөрүлөт;

2) эгерде талапкерлердин тизмесинин бири да мандаттарды бөлүштүрүүгө катышуу үчүн зарыл болгон сандагы добуштарды ала албаса;

3) эгерде талапкерлердин башка тизмесине караганда алда канча көп сандагы добуш алган талапкерлердин тизмеси үчүн берилген шайлоочулардын добуштарынын саны, шайлоочулардын бардык талапкерлердин тизмесине каршы берилген добуштарынын санынан аз болсо. Бул учурда кайра шайлоо өткөрүлөт.

Добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын саны белгиленген формадагы, добуш берүү үчүн үкөктөн алынган шайлоо бюллетендеринин саны, ал эми кошумча контролдоо зарыл болгондо — ошондой эле идентификациядан өткөнү жөнүндө чектер боюнча аныкталат.

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжаларын анык эмес деп тааныйт:

1) эгерде добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын жалпы санынын үчтөн бирин камтыган шайлоо участокторунун бөлүгүндөгү добуш берүүнүн жыйынтыктары анык эмес деп таанылса;

2) эгерде талапкер (талапкерлер), саясий партиянын (партиялардын) талапкерлеринин тизмеси боюнча добуш берүүлөрдүн анык эмес деп таанылган жыйынтыктары добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын жалпы санынын үчтөн биринен ашыгын камтыса.

Борбордук шайлоо комиссиясы эгерде шайлоолорго даярдануу, добуш берүүнү өткөрүү, добуштарды саноо, добуш берүүнүн жыйынтыгын белгилөө учурунда талапкер, саясий партия тарабынан добуш берүүнүн жыйынтыгын анык белгилөөгө мүмкүндүк бербеген бузуулар орун алса же шайлоочулардын эрк билдирүүсүнө таасир көрсөтүлсө, талапкер, талапкерлердин тизмеси боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын анык эмес деп таанууга укуктуу.

Округдук шайлоо комиссиясы төмөнкү учурларда шайлоо участкасындагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп таанууга укуктуу:

1) эгерде добуш берүүнү өткөрүү, добуштарды саноо, добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу убагында шайлоочулардын добуш берүүлөрүнүн жыйынтыктарын ишенимдүү аныктоого мүмкүнчүлүк бербеген бузуулар орун алса;

2) эгерде добуш берүүнү өткөрүү, добуштарды саноо, добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу убагында, шайлоочулардын эрктерин билдирүүсүнө таасир эткен бузуулар орун алса;

3) жогору турган шайлоо комиссиясынын чечими боюнча;

4) соттун чечими боюнча.

5) эгерде добуш берүү үчүн үкөктөрдөгү шайлоо бюллетендери анык эмес деп таанылса.

Шайлоо участогунда добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп таанылган учурда, шайлоонун жыйынтыктары калган шайлоо участокторундагы добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча аныкталат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>