2 жылдан бери 14 жаштагы өз кызын зордуктап жүргөн ата кармалды

2 жылдан бери 14 жаштагы өз кызын зордуктап жүргөн ата кармалды

14 жашар кызын 2 жылдан бери зордуктап жургөн ата кармалды. Бул туурасында Ош шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, өзүнүн кызын зордуктоого шектелип  39 жаштагы жаран убактылуу кармоочу жайга камалган.  Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жашы жетелектер менен иштөө инспекциясынын кызматкери Ош шаарына караштуу айылдардын биринин 2007-жылы туулган кыздын акыркы күндөрү өтө эле психологиядык жактан жабыркап жүргөндүгүн байкап, аны менен мектепте маектешүүгө аракет жасаган. Алгачкы маектешүүгө жасаган аракеттер жыйынтыксыз болгон. Кыз инспектор менен маектешүүдөн баш тарткан. Бирок, милиция кызматкеринин бир нече аракетинин натыйжасында кыз атасы тарабынан бир нече жолу зордукталып, психологиялык өзүнүн оор абалда жүргөндүгүн титиреп, ыйлап жатып айтып берген.

Жашы жетелектер менен иштөө инспекциясынын кызматкери токтоосуз Ош шаардык милиция кызматкери жетекчилигине рапорт менен кайрылып, жабырлануучу кыз, атасы жана башка үй бүлө мүчөлөрү милицияга алынып келинген.

Жабырлануучу кыздын көрсөтмөсүнө ылайык, аны атасы (өз атасы, өгөй эмес) 2019-жылдын июнь айынан баштап, 2021-жылдын ноябрь айына чейин эркине каршы зордуктап жүргөн. Алгачкы зордуктоо учурунда апасы Орусияда  болгон. Бирок, апасы келгенден кийин дагы бул кылмыштуу иш уланган. Акыркы жолу 2021-жылдын 28-ноябрь күнү атасы кылмыштуу ишин улантып жатканда үйдөгү дагы бир кызы көрүп калган. Кыздын айтуусунда, корккондуктан жана үй-бүлөсү  ажырашып кетпесин деп коркуп милицияга кабарлашкан эмес.

Кечээ, 10-декабрда жабырлануучу кыздын 39 жаштагы атасы жашы жетелек кызды зордуктоого шектүү катары Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

 

Жазык кодексинин 154-беренеси менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>