Кыз зордуктаганы үчүн соттолгон жаран абактан кантип кыйноого кабылганын айтып берди (ВИДЕО)

Кыз зордуктаганы үчүн соттолгон жаран абактан кантип кыйноого кабылганын айтып берди (ВИДЕО)

Кызды зордуктаганы үчүн соттолгондор кыйноого кабылышууда. Бул туурасында Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунунан билдиришти.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 6-декабрында Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун Ош шаары жана Ош облусу боюнча аймактык өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери СИЗО-5ке барышкан.  Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренесинин 4-бөлүгү (жашы жете элек кызды зордуктоо) менен соттолгон 21 жаштагы А.А. кыйноого кабылганын айтып берген.

Улуттук борбордон билдиришкендей, Ноокен районунун тургуну Улуттук борбор өкүлдөрү менен сүйлөшүү учурунда бул кылмышка барбаганын айткан. Анын айтымында, 10 жаштагы кызды зордуктады деп кыйноо менен мажбурлап мойнуна алдырган.

Ал сурак маалында аялдардын ич кийимин кийүүгө мажбурланганын, эгер күнөөлүү болбосом, коомчулукка жарыялайм деп коркутуп, соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы бурмаланганын айтууда.

й 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>